Орусиянын армиясы 6-июлга караган түнү Украинанын Львов шаарына ракеталык чабуул жасап, бери деген үч адам мерт болду, дагы сегиз тургун жараат алды. Шаар мэри Андрей Садовыйдын маалымдашынча, ракетанын сыныгы турак-жайга тийген. Ал Телеграм-каналына куткаруучулар урандылардын алдынан адамдарды алып чыгып жатканын, мерт болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүндүгүн жазды.
Садовый согуш башталгандан бери Львовго мынчалык калайман ракеталык чабуул жасалбаганын белгиледи.
Облустук администрациянын башчысы Максим Козицкий сөз көп кабаттуу үй тууралуу болуп жатканын тактады. Анын алдында чабуулдун айынан шаардагы маанилүү инфраструктуралык объект жабыркаганын кабарлаган. Бирок анын чоо-жайын тактаган жок.
Орусия бул чабуулга байланыштуу комментарий берген жок. Москва Украинанын жарандык инфраструктурасына, турак-жайларга сокку урулганы тууралуу дооматтарды четке кагып келет.
Дагы караңыз
ЕККУ өкүлү Борбор Азиядагы сөз эркиндигине кысым тууралуу айтты УКМК: уюшма кылмыш топтун "Чач" деген каймана аттуу мүчөсү кармалды Киев: сотто жардыруу уюштурган адам мерт болду, эки полиция жараат алды