Британия, Швеция, Украина Иранды Эл аралык сотко берет

Киевдин Бориспол аэропортундагы PS752 каттамындагы учактын курмандыктарына коюлган эстелик. 17-февраль, 2020-жыл.

Британия, Швеция, Украина Бириккен Улуттар Уюмунун сотунда 2020-жылкы авиакаргашага байланыштуу Иранды сотко берди. Үч жыл мурун 176 жүргүнчү жана экипаждын тогуз мүчөсүн салып, Тегерандан чыккан учак жерден көтөрүлгөндөн көп узабай атып түшүрүлгөн.

Жогорудагы төрт мамлекет Иран «Украинанын эл аралык аба жолдоруна» тиешелүү учакты атып түшүргөнүн мойнуна алсын деген негизде эл аралык сотко арызданган. Алар Тегеран өз күнөөсүн мойнуна алып, курман болгондордун үй-бүлөсүнөн кечирим сурап, кенемте төлөп берүүгө макул болушун көздөйт.

Өткөн аптада Иран Канадага каршы иш козгогон. Тегеран Түндүк Америкадагы бул мамлекетти Ирандын ички ишине кийлигишип, авиакаргашанын курмандыктарынын жакындарына кенемте талап кылууга шыкак болуп жатат деп айыптаган.

2020-жылы 8-январда Тегерандан Киевге сапар алган PS752 каттамындагы учакта Канаданын, Швециянын, Украинанын, Британиянын, Ооганстандын жана Ирандын жарандары болгон.

Үч күндөн кийин Ирандын мамлекеттик телеканалы Украинанын учагы Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун аскер базасын көздөй багыт алганда “душмандын объектиси” катары жаңылыш кабыл алынганын жарыялаган.

Дагы караңыз

Кыргыз-тажик чек арасы: талаштуу тилкелер талкуудаТагдыр чечкен орус генералдары кайда? Пригожиндин козголоңунан кийинки "тазалоо" "Маалымат мыйзамынын авторлоруна виза бербегиле". Жарандык коомдун кайрылуусу "Мектепти да сата баштадык". Казакстанда колдон-колго өткөн имарат