ЕККУнун Парламенттик ассамблеясы "Вагнерди" террордук уюм деп тааныды  

"Вагнер" менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Ростов-на-Донуда шаар тургуну менен сүрөткө түшүп жатат. 24-июнь, 2023-жыл.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Парламенттик ассамблеясы Орусиядагы “Вагнер” менчик аскердик компаниясын террордук уюм деп тааныган резолюция кабыл алды. Бул тууралуу маалымат Парламенттик ассамблеянын сайтына жарыланды.

"Орус бийлигинин кызыкчылыгын көздөгөн "Вагнер" тобунун аракеттерин табияты жана мааниси жагынан террористтик уюм деп мүнөздөөгө болот", – деп айтылат билдирүүдө.

Андыктан уюмга кирген мамлекеттердин “Вагнер” тобун террористтик уюм деп таанышы негиздүү экени белгиленген.

Резолюцияда "Вагнердин" жалданма күчтөрү орус бийлигинин кызыкчылыгында иш кылганын, өткөн аптада президент Владимир Путин компания мамлекеттен каржыланганын мойнуна алганы да айтылат. Документте "Вагнердин" башка өлкөлөрдөгү аракети үчүн "орус мамлекети жоопкерчилик алары" белгиленген.

Ассамблея ошондой эле "Вагнерди" өз аймагына киргизип, колдоо көрсөткөнү үчүн Беларусту айтыптап, бул "Балтика өлкөлөрүнүн коопсуздугуна коркунуч келтирип жатканы" белгиленет. 23-24-июнда "вагнерчилер" Орусияга козголоң салгандан кийин Беларустун авторитардык лидеринин чакыруусу менен коңшу өлкөгө кеткени кабарланган.

Быйыл жыл башында АКШ "Вагнерди" транс-улуттук кылмыштуу уюмдардын тизмесине киргизип, компаниянын өкүлдөрүнө санкция салган. Апрелде Европа Биримдиги компанияны "Украинадагы Орусиянын аскердик агрессиясына активдүү катышканы үчүн" санкциялык тизмеге киргизген.

30-июндан 4-июлга чейин Канаданын Ванкувер шаарында ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын сессиясы өттү. Ага уюмга мүчө 57 мамлекеттин ичинен 50 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын расмий делегациясы катышты.

Дагы караңыз

Украина: Түндүк Корея миңден ашуун аскерин жоготту Тагдыр чечкен орус генералдары кайда? Пригожиндин козголоңунан кийинки "тазалоо" Эрезеге жеткенде өзү тандайт. “Матроним” маселесине чекит коюлду"Мектепти да сата баштадык". Казакстанда колдон-колго өткөн имарат