Нарын дарыясына экскаватор менен түшүп кеткен жарандын сөөгү табылды

Нарын дарыясы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Нарын дарыясына экскаватору менен түшүп кеткен 68 жаштагы жарандын сөөгү табылганын 4-июлда билдирди.

Мекеменин билдиришинче, кырсык Куланак айылындагы насостук станциянын башкы курулмасында 2-июлда, күндүзгү саат 3төн өткөндө болгон. Ал жерде дарыянын жээгин бекемдөө иши жүрүп жаткан.

Кыргызстанда былтыр жыл ичинде 85 адам сууга чөгүп каза болгон жана мындай кырсыктардын эң көбү жайкы сезондо Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында катталган. Каза болгондордун 28и 12 жашка чейинки балдар.

Дагы караңыз

Навальный менен кездеше албай жаткан үй-бүлөсү абак жетекчилигин сотко берди Зеленский Саакашвилини дарылатуу үчүн Украинага жөнөтүүнү талап кылды Конституциялык сот: прокурордун кылмыш ишин токтотуу токтому Баш мыйзамга каршыАкылбек Жапаров таза сууга эсептегичтерди коюуну тапшырды