Тажикстанда банкирди уурдоого шектелген бир нече киши кармалды

Шухрат Исматуллоев

Тажикстандагы "Ориёнбанктын" төрагасынын биринчи орун басары Шухрат Исматуллоевди барымтага алган деген шек менен кеминде төрт адам кармалды. Бул тууралуу “Озоди” радиосуна укук коргоо органдарындагы булактар билдирди.

Колго түшкөндөрдүн аты-жөнү айтыла элек. Баары күч органдарынын мурдагы офицерлери экени, кылмышкерлер менен тил бириктирип, банкирди уурдоого катышканы кабарланууда. Арасында Тажикстандын Ички иштер министрлигинин жана Мамлекеттик каржылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин мурдагы кызматкери бар экенин "Озодинин" булагы маалымдады.

49 жаштагы Шухрат Исматуллоев "Ориёнбанктын" төрагасы, өлкө президенти Эмомали Рахмондун кайниси Хасан Асадуллозоданын жакын адамдарынын бири болгон. Ал 23-июнда дайынсыз жоголгон. Укук коргоо органдары Исматуллаевди уурдап кетишкенин, издөө иштери уланып жатканын кабарлаган.

Дагы караңыз

Ошто сот жана укук коргоо органдарынын ишине нааразы болгондор акцияга чыктыЖМК мыйзамынын парламентте каралышы суроо жаратары айтылдыЖерге түшүрүп алышкан ымыркайдын абалы турукташууда