1-июлда Балыкчы шаарында "Ысык-Көлдү сактайлы" деп аталган маалыматтык кампания өттү. Иш-чара желимден жасалган буюмдардан экологиялык таза кагаздан жасалган буюмдарга өтүүнү жайылтууну көздөйт.
Анда сүйлөгөн сөзүндө Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев желимден жасалган буюм-тайымды колдонбоого чакырды.
“Керемет жерибиз болгон Ысык-Көлүбүз дүйнө эли суктана турган, туристтер агылып келе турган жерге айлансын десек, алгач өзүбүздөн баштайлы, желимден жасалган буюмдарды сатууга жана колдонууда намыска келүү идеологиясын жүргүзүүгө чакырам”, - деген Төрөбаевдин сөздөрү Министрлерин кабинетинин расмий сайтында жарыяланды.
Вице-премьер-министр Ысык-Көл 2001-жылы ЮНЕСКО тарабынан Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резервуар тутумуна киргизилип, дүйнөдөгү эң кооз 15 көлдүн катарына киргенин кошумчалады.
Иш-чаранын башкы максаты - калкты жана туристтерди полиэтиленден жасалган буюмдардын, алардын калдыктарынын экологияга, айлана-чөйрөгө жана адамдардын саламаттыгына тийгизген заяны жөнүндө жеткирүү
Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү”мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдогон.
Эми ага президент кол койсо өлкөдө 2027-жылдан тартып желим баштыктарды өндүрүүгө, импорттоого, колдонууга толук сыюу салынат.
Дагы караңыз
Коммерциялык банктарга сыртка доллар чыгарууга уруксат берилдиАфрикадан Өзбекстанга банан жүктөп бараткан контейнерден кокаин табылдыУкраина казакстандык эки компанияга санкция салды