Оккупацияланган Бердянск шаарында жардыруулар болду

Украинада орус аскерлери басып алган Бердянск шаарында 30-июнда эртең менен кеминде 11 жардыруу болгонун калаанын аскер башкармалыгы билдирди. Жардыруулардын үнү аэропорттун аймагында угулган.

Жергиликтүү Телеграм каналдар жардыруу болгон жерден түтүн көтөрүлүп жатканын көрсөткөн видеону жарыялашты.

“Биз Орусия менен биргебиз” кыймылынын төрагасы Владимир Рогов Бердянскиге ракета атылганын, анын мизин орус күчтөрү кайтарганын айтты.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн стратегиялык командачылыгы Бердянскиге чабуулду украин аскерлери жасаганын тастыктады. Натыйжада Бердянск шаарынын четиндеги орус аскерлеринин штабы жана күйүүчү-майлоочу каражаттар кампасы талкаланган.

Дагы караңыз

“Акыйкатчы жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты Новиков Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду кадимки тартипте иштеп жатканын айтты"Аврора" иши: Чикунаевге чыккан өкүм, Ширшовдун карааны Түркмөнстанда мурдагы президенттин урматына Аркадаг шаары ачылды