Түркмөнстанда мурдагы президенттин урматына Аркадаг шаары ачылды

Түркмөнстанда мурдагы президент, автократиялык лидер Гурбангулы Бердымухамедовдун урматына Аркадаг шаары ачылды. Салтанат 29-июнда болду.

Бердымухаммедов былтыр президенттикти шайлоо аркылуу уулу Сердарга өткөрүп, өзү парламенттин жогорку палатасы - “Халк Маслахатынын” төрагалык кызматын ээлеген.

Шаардын аталышы түркмөн тилинен "калкалоочу" деген маанини берет. Аркадаг - Бердымухаммедов президент кезинде алып жүргөн титул.

Аталган калаа Гурбангулы Бердымухаммедовдун туулган күнүндө, 66 жашынын урматына ачылды. "Акылдуу шаар" деп мүнөздөлгөн калаа 70 миң кишиге ылайыкташкан. Анын курулушуна 5 миллиард АКШ долларынан көбүрөөк каражат жумшалганы айтылган.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы шаардын ачылышында Гурбангулы Бердымухаммедов көрүнбөгөнүн жазды.

Дагы караңыз

Июнь айында абактарда үч жаран каза болдуАк кар, көк муз аралаган жолФранциядагы нааразылык акциясы Бельгияга да жайылдыОрус күчтөрүнүн аткылоосунан Херсондо эки киши жараат алды