Казакстандын Мусулмандар дин башкармалыгы Zam-Zam Qazaqstan компаниясы 120га жакын зыяратчыны алдап кеткени тууралуу маалымат берди.
Күн мурда социалдык түйүндөргө Мекке шаарына барган казакстандык зыяратчылардын документтери туура эмес экени аныкталып, Сауд Арбиясынын бийлиги аларды атайын жайда кармап турганы тартылган видео жарыяланган.
Мусулмандар дин башкармалыгынын маалыматына караганда, мекеме буга чейин Zam-Zam Qazaqstan компаниясы ажылык менен алектене турган туристтик фирмалардын муфтият жарыялаган тизмесинде жок экенин эскертип, жарандарды бул компанияга кайрылбоого чакырган.
Мындан тышкары муфтияттын өкүлдөрү аталган компаниянын ишмердүүлүгүн текшерүү жана жетекчисин жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен укук коргоо органдарына арыз берген. Азырынча Казакстандын тиешелүү органдары текшерүү иштери башталганы же башталбаганы боюнча эч кандай маалымат бере элек.
"Азаттык" Zam-Zam Qazaqstan менен байланыша алган эмес.
2021-жылы айрым ЖМКлар Zam-Zam Qazaqstan компаниясы "вакцина тууралуу жасалма паспорттор менен" зыяратчыларды Меккеге жөнөткөнүн кабарлашкан.
Казакстандын Мусулмандар дин башкармалыгы быйыл ажылыкка 4 миң казакстандык бара турганын билдирген.
Дагы караңыз
Өзбекстан: президенттик шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталдыХерсонго коюлган чабуулда 71 жаштагы аял мерт болдуЖогорку Кеңеш “Элдик курултай” мыйзамын колдоду