Прокуратураны тергөө укугунан ажыратуу сунушу дагы бир комитеттен колдоо тапты

Башкы прокуратура.

Прокуратурадан тергөө жүргүзүү укугун алып салуу боюнча мыйзам долбоору бүгүн 27-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинде үчүнчү окууда колдоо тапты.

«Прокуратура жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун президент демилгелеген жана быйыл 20-апрелде коомдук талкууга алып чыккан. 30-майда аны парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети да колдогон.

Анда прокуратураны тергөө жүргүзүү укугунан ажыратуу сотко чейинки териштирүү жүргүзүүчү органдардын процессуалдык ишмердүүлүгүнө көзөмөлүн натыйжалуу жүргүзүүгө, тергөө органдарынын прокуратура менен кызматташуусун күчөтүүгө, тергөөнүн объективдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөрү айтылган.

Башкы прокуратурага тергөө жүргүзүү функциясы 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин бийлик алмашканда кайра берилген. Ал кезде Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы кайра түзүлгөн.

Дагы караңыз

Шектүүнү атайын билерик тагып көзөмөлдөө сунушталуудаБишкекте үч эм төрөлдү"Жээнбековдон экс-президент макамын алуу демилгесин көтөрөм""Орусиядан көчүрүлгөн жана аткаминерлерди жактайт". Кооптондурган ЖМК мыйзамы