Лукашенко армиясын күжүрмөн даярдыкка келтиргенин билдирди

Беларустун лидери Александр Лукашенко Минск облусундагы аскердик-өндүрүштүк комплекске барган маалда журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. 13-июнь, 2023-жыл. Лукашенконун маалымат кызматы тараткан сүрөт REUTERS агенттиги аркылуу алынды.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко 27-июндагы кайрылуусунда Орусиядагы "куралдуу козголоңдон" кийин армиясын күжүрмөн даярдыкка келтиргенин билдирди.

Ал бул "көтөрүлүш" Батыш тараптан келген ыктымал коркунучтун бир бөлүгү экенин кошумчалады.

"Өлкөбүзгө кезектеги көлөкө түшүргөн коркунучтан улам биз күчтүү болушубуз зарыл. Мунун баары кайрадан Батыштан келип жатат", - деди Лукашенко.

Ушул эле күнү "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин колдонгон Embraer 600 учагы (бизнес-жет) Минскинин жанындагы аскердик авиабазага конду. Бул тууралуу Беларустагы авиацияга байкоо салган "Беларуски гаюн" тобу билдирди. Евгений Пригожиндин өзү Беларуска барганы же барбаганы азырынча белгисиз.

Менчик аскер компаниянын "куралдуу козголоң" уюштуруу аракетинен кийин Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко "Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн билдирген.

Лукашенконун маалыматына караганда, алар Орусиянын аймагында кан төгүүгө жол бербөөнү макулдашып, Пригожин “вагнерчилердин” куралдуу кыймылын токтотуу жана чыңалууну жөнгө салуу боюнча анын сунушун кабыл алган.

Көп өтпөй Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Пригожин "Беларуска кетерин" билдирген.

26-июндун кечиндеги кайрылуусунда Орусиянын президенти Владимир Путин "вагнерчилерге" орус армиясы менен келишим түзүп, туугандарына кайтып келүүнү же Беларуска кетүүнү тандоону сунуштады.

Буга чейин Беларуста "вагнерчилер" үчүн лагерлер курулуп жатканы маалым болгон.

Дагы караңыз

Депутат Түмөнбаев: “Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамындагы авторлугум боюнча мен да ойлонуп жатамМурдагы билим берүү министринин үй камагындагы мөөнөтү узартылдыБеларуста "Вагнердин" жалданма аскерлери үчүн лагерлер курулууда