Кыргызстанда бүгүнкү күндө 246 мектеп авариялык абалда турат. Бул тууралуу 26-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутаттарга маалымат берип жатып өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов билдирди.
Жыйында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын мекемеси) Кыргызстандын мектептерин жаңылоо үчүн бөлүп жаткан каражаты (жарымы насыя, жарымы грант) тууралуу сөз болду.
Мамбетовдун айтымында, бул долбоор алкагында оңдолуп, жаңылына турган мектептер 40 болот (19у реконструкцияланат, 21и жаңы курулат.
“Негизги каржылоосу 20 миллион доллар. Анын 12 миллиону 10 мектепти реконструкциялоого арналган. Авариялык абалдагы мектептер деп дагы 55 миллион кошумча суралган Каржы министрлиги аркылуу. Ассоциация макулдугун берип, ал 55 миллионду алганбыз. 2019-жылкы кымбаттоодон улам акчабыз 40 эмес, 24 гана мектепке жетип калган. Жетпеген акча 30 миллион доллардай болууда, ошону сурап жатабыз. Дүйнөлүк банк өзүнүн макулдугун берди. Ошол макулдашуу сиздердин назарыңыздарда”, - деди Мамбетов.
Кыргызстанда авариялык абалдагы мектептердин жаңы тизмесине 301 мектеп киргенин быйыл 10-февралда Жогорку Кеңештин “Мекенчил” депутаттык тобунун отурумунда Курулуш жана инженердик инфраструктура департаментинин директору Гүлмира Жумабекова билдирген.
Айрым айылдарда балдар эскилиги жеткен имараттарда окуп жатканы тууралуу маселе көптөн бери көтөрүлүп келет.
2022-жылдын 17-майында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы орто мектепте сабак учурунда класстын шыбы урап түшкөн. Кырсык болгон учурда кабинетте мугалим жана 16 окуучу болгон, алар баары аман калган. Көп өтпөй Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров авариялык абалдагы мектептердин баары үч жыл ичинде оңдолуп бүтөрүн, алар окуучулар бекер колдоно ала тургандай интернет байланышы менен камсыз кылынарын айткан.
21-ноябрда президент Садыр Жапаров авариялык абалдагы 80 гана мектеп калганын, алар өткөн кылымдын 60-70-жылдары курулган жайлар экенин билдирген. (RK)
Дагы караңыз
Амангелдиев Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун активдери Бельгияда камакка алынганын ырастады Тарыхка жасалган эки жүздүү саясат: Кулчулук мүнөздөн кантип арылабыз? Десоветизация: кулчулук мүнөз, эки жүздүү саясатАба ырайы: айрым аймактарда өткүн өтөт