Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт

Кыргызстан, Суусамыр. 2023

"Кыргыз гидромет" кызматы 2023-жылдын 25-26-июнунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертет. Ага ылайык, дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү ыктымал.

26-июнда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын каттуу жаашы мүмкүн. Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана толуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын каттуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 20…25;

Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27 градус жылыйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнү 15…17°, күндүз 31…33° жылуу болот.

Дагы караңыз

Волгоградда саясат таануучу Михаил Серенко кармалдыМосквадагы элчилик орус абактарындагы кыз-келиндерден кабар алдыУкраинанын Коргоо министрлиги Бахмуттун жанында чабуул башталганын жарыялады"Вагнердин" жалданма аскерлери Ростовдон чыгып кете баштаганы кабарланды