Москвадагы элчилик орус абактарындагы кыз-келиндерден кабар алды

Москвадагы чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборундагы кыргызстандык кыз-келиндер. Сүрөт ТИМден алынды. 24-июнь, 2023

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 23-июнда орус абактарында кармалып турган кыргызстандык кыз-келиндерден кабар алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, элчиликтин өкүлдөрү чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборундагы 25 аял менен жолугушуп, тийиштүү юридикалык кеңештерди беришкен. Кыз-келиндер кармоо шарттары боюнча даттануулары жок экенин билдиришкен.

Мунун алдында элчиликтин өкүлдөрү Орусиянын Ички иштер министрлигинин чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборунун жетекчиси А.Лагода жана Москва шаары боюнча соттук пристав О.Писакин менен жолугушкан.

Тышкы иштер министрлиги 24-июнда таркаткан маалыматка ылайык, Москвадагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборунда кыргызстандык 130 мигрант кармалып турат.

Учурда интернетте Орусияда полиция кызматкерлери көчөдө чет өлкөлүктөрдү кармап, автоунаага күчтөп салып бараткан видеолор тарап жатат. Орусиядагы мигранттардын кесиптик кошуунунун өкүлү Акбар Разыкулов полиция көчөдөн мигранттарды кармап, документтерин текшербей туруп, жапырт бөлүмдөргө алып кетип жатканын билдирген.

Разыкуловдун айтымында, Москвадагы “Текстильщики” метросунун алдындагы бир эле кармоочу жайда 150 мигрант кармалып турат. Алардын басымдуу көпчүлүгү кыргыздар.

Орусиянын бардык аймактарында 19-25-июнь күндөрү “Нелегал-2023” аттуу рейддин биринчи этабы жүрүп жатат. Экинчи этабы октябрь айына пландалган. Иш-чара март айында ЖККУга мүчө өлкөлөр менен макулдашылганы маалымдалган.

Орусиянын абактарында миңден ашуун кыргызстандык жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Дагы ушунчасына соттун өкүмү чыга элек, алар убактылуу кармоочу жайларда кармалууда. (KЕ)

Дагы караңыз

Украинанын Коргоо министрлиги Бахмуттун жанында чабуул башталганын жарыялады"Вагнердин" жалданма аскерлери Ростовдон чыгып кете баштаганы кабарланды"Фонтанка" Пригожиндин жасалма паспорттору табылганын кабарладыАкын Гүлжамила Шакирова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты