Акын Гүлжамила Шакирова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Гүлжамила Шакирова.

Акын жана журналист Гүлжамила Шакирова 68 жаш курагында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Маркумдун кесиптештери акындын каза болгону тууралуу суук кабарды 25-июнь күнү эртең менен угушканын "Азаттыкка" билдиришти.

Гүлжамила Шакирова 1955-жылы 28-декабрда Нарындын Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Токтогул атындагы адабият музейинде улук илимий кызматкер, республикалык Кыргыз тили коомунун "Эне тил" гезитинде кабарчы, 1993-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорациясында иштеп, "Казына" чыгармачылык бирикмесинде "Нуска" аттуу автордук программасын, "Дил жаңырыгы" программаларын радио эфирге даярдап, алып чыккан.

1987-жылы "Сапардагы каркыра" деген алгачкы ыр китепчеси жарык көргөн.

1991-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун жана Кол өнөрчүлөр союзунун мүчөсү болгон.

Чыгармалары үчүн ал бир катар сыйлыктарды алган. Анын 30дан ашык ырларына обон чыгарылып, кыргыз теле-радиосунун алтын фондусуна алынган.

Маркум менен коштошуу зыйнаты качан жана кайсы жерде болору, сөөгү кай жакка коюлары азырынча маалымдала элек. (КЕ)

Дагы караңыз

"Фонтанка" Пригожиндин жасалма паспорттору табылганын кабарладыПесков Пригожинге каршы иш токтотуларын, ал Беларуска кетерин билдирдиПригожин артка кайтканын жарыяладыЗеленский "Вагнердин" козголоңун Орусиянын алсыздыгы катары сыпаттады