Украинада орус күчтөрүнүн чабуулунан үч киши мерт болду

Киев.

24-июнга караган түнү орус күчтөрү Украинанын бир нече шаарына чабуул жасады. Киевдеги көп кабаттуу үйлөрдүн бирине тийген ракета үч кишинин өмүрүн алып, 11 киши жарадар болгонун жергиликтүү бийлик кабарлады.

Мындан тышкары ракета соккусунан Днепрде 11 киши, арасында үч бала жабыркады. Алардын жетөө ооруканага жеткирилди.

Миллиондон ашык калкы бар Харьков шаарында газ түтүктөрү жабыркап, өрт чыкканын шаар башчысы Игорь Терехов Телеграмга жазды. Анын айтымында, шаарга үч ракета атылган.

Кременчугда да жарылуулар тууралуу кабарланууда.

БУУнун маалыматында Орусия Украинага бастырып кирген 2022-жылдын февраль айынан бери украиналык 9083 жайкын тургун каза болуп, 15 779 киши ар кандай деңгээлде жараат алган.

Жайкын тургундар жарылуучу заттар, оор артиллериянын аткылоосу, зениттик ракеталар, аба чабуулдарынын натыйжасында жашоо менен кош айтышкан. БУУ каза болгон жайкын тургундардын саны мындан көп болушу мүмкүн экенин, согуш жүрүп жаткан аймактардан маалымат тактоо убакытты талап кыларын белгилеген.

Дагы караңыз

Зеленский "Вагнердин" козголоңун Орусиянын алсыздыгы катары сыпаттадыОрусияда "Вагнердин" башчысы Пригожинге кылмыш иши козголдуКыргызстандык мигрант: Ростов-на-Донуда базар жана жолдор жабылды