“Вагнердин” колоннасы Липецк облусуна жетти

Воронеж облусундагы "Вагнердин" колоннасы, 24-июнь, 2023-жыл

"Вагнерчилердин" колоннасы Липецк облусундагы Елец шаарына жетти. Шаардын өзүндө полиция кирген-чыккан чоң жолду бөгөттөдү.

Бул тууралуу “Свобода” радиосу "Вёрстка" басылмасына таянып жазды. Колонналар Елецти жергиликтүү жана аймактык жолдор аркылуу кыйгап өтүп, "Дон" трассасынан оолак болууга аракет кылууда.

Буга чейин жалданма жоочулар Ростов-на-Дону жана Воронеждеги аскердик объекттерди көзөмөлгө алганы кабарланган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-июнда кырдаал боюнча теле кайрылуу жасап, "Вагнер" тобунун аракетин "чыккынчылык" деп айыптады. Ага чейин Федералдык коопсуздук комитети Пригожинге кылмыш ишин козгогон.

23-июнда эртең менен Евгений Пригожин Телеграм-каналына интервью берип, коргоо министри Сергей Шойгуну эле эмес, Украинага согуш баштоо идеясын сынга алган. Ал согуш аны баштагандарга пиар үчүн керек болгонун айткан. Ушул эле күнү кечинде Пригожиндин каналдарында "Вагнердин" командирлеринин кайрылуулары деген аудиолор пайда болгон. Анда Пригожиндикине үнү окшош адам "вагнерчилер" "өлкөнүн аскер жетекчилиги баштаган балээни" токтотууга тийиш экенин жарыялаган.

Ага чейин, 22-июнда Евгений Пригожин Орусиянын Коргоо министрлигин анын тобунун лагерлерине сокку урууга айыптап, мунун айынан кол астындагы көп адамы өлгөнүн айткан. Пригожин бирок сокку качан, кайсы жерде урулганын тактаган эмес. "Вагнерчилер" "өлкөдө эмнеге мындай башаламандык болуп жатканын териштире" турганын белгилеген.

24-июнда Орусиянын Коргоо министрлиги Евгений Пригожин таратты деген бул маалымат чындыкка дал келбеген чагым экенин билдирди.

  • Пригожин менен Коргоо министрлигинин чыры бир нече айдан бери уланып келет. Бахмуттагы кармаш учурунда Пригожин бир канча жолу видео кайрылуу жасап, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимовду сындаган. Пригожин аларды курал-жарак жетишсиздигине жана "орустун жерлерин" берип салганга айыптап, "бул персонаждар жазаланмайынча" териштирүүнү токтотпой турганын билдирген. Коргоо министрлиги бул билдирүүлөрдүн көбүнө комментарий берген эмес.

Дагы караңыз

Украин учкучтары F-16 согуштук учактарын башкарууну үйрөнөтЗеленский "Вагнердин" козголоңун Орусиянын алсыздыгы катары сыпаттадыРостовдо Түштүк аскердик округунун штабынын аймагында жарылуу болгону кабарланды