Пригожин Ростов-на-Дону шаарын алганын, Москвага бара турганын билдирди

Ростов-на-Донудагы "Вагнер" аскер компаниясынын жалданмалары. 24-июнь, 2023-жыл.

"Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин эгер коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду колуна өткөрүп бербесе, Ростов-на-Дону шаарын тосмолоп, андан кийин Москвага бара турганын айтты.

Ал бул тууралуу видео-кайрылуусун өзүнүн Телеграм каналдарында жарыялады.

Тасмада Пригожин коргоо министринин орун басары Юнус-Бек Евкуров жана генерал Владимир Алексеев менен сүйлөшүп жатканы тартылган. Алексеев бир күн мурун "вагнерчилерди" баарын токтотууга чакырып, кырдаалды мамлекеттик төңкөрүш аракети деп сыпаттаган.


Пригожиндин маалымат кызматы анын видео-билдирүүсүн да жарыялады. Анда башкы "вагнерчи" Орусиянын Ростовдогу бардык аскер бөлүктөрүн көзөмөлүнө алганын, "Башкы штабдын башчысы качып кеткенин" айтты.

"Набыт болгон жоокерлер жогору жакка билдирилген сандан үч-төрт эсе көп. Телевизордон айтылып жаткандар андан он эсе аз. Санитардык жоготуулар кээ бир күндөрү миңге жетет. Бул деген өлгөндөр, дайынсыз жоголгондор, согушуудан баш тарткандар жана жарадарлар", - деди Пригожин.

Санкт-Петербургдагы "Фонтанка" басылмасы шаарлагы "Вагнер" жеке аскердик тобуна милиция кызматкерлери келгенин жазды. Федералдык коопсуздук комитети Пригожинге кылмыш ишин козгоду.

  • 23-июнда эртең менен Евгений Пригожин Телеграм каналына интервью берип, коргоо министри Сергей Шойгуну эле эмес, Украинага согуш баштоо идеясын сынга алган. Ал согуш аны баштагандарга пиар үчүн керек болгонун айткан. Ушул эле күнү кечинде Пригожиндин каналдарында "Вагнердин" командирлеринин кайрылуулары деген аудиолор пайда болгон. Анда Пригожиндикине үнү окшош адам "вагнерчилер" "өлкөнүн аскер жетекчилиги баштаган балээни" токтотууга тийиш экенин жарыялаган.
  • Ага чейин, 22-июнда Евгений Пригожин Орусиянын Коргоо министрлигин анын тобунун лагерлерине сокку урууга айыптап, мунун айынан кол астындагы көп адамы өлгөнүн айткан. Пригожин бирок сокку качан, кайсы жерде урулганын тактаган эмес. "Вагнерчилер" "өлкөдө эмнеге мындай башаламандык болуп жатканын териштире" турганын белгилеген. 24-июнда Орусиянын Коргоо министрлиги Евгений Пригожин таратты деген бул маалымат чындыкка дал келбеген чагым экенин билдирди.

Дагы караңыз

Пригожиндин аскердик колоннасы Ростов-на-Дону аймагына киргени ырастала элекОрусияда "Вагнердин" башчысы Пригожинге кылмыш иши козголдуӨзбекстандык фирмалар Брюсселдин "кара тизмесине" түштү Стамбулда "ИМ" радикал уюмунун канатын жетектеген тажикстандык кармалганы кабарлануудаИликтөө: Кыргыз жана казак компаниялар Кремлдин согуштук керегине жарадыбы?