Акыркы суткада Украинага каршы жүздөн ашуун ракета чабуулу болду

Лимандагы кыйраган үй. Украина. Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы суткада Орусиянын аскерлери Украинанын аймактарын абадан 51, реактивдүү системадан 50 жолу аткылады.

Украинанын куралдуу күчтөрү маалымдагандай, чабуулда украин аскерлери жана эл жашаган аймактар бутага алынган.

Башкы штабдын 23-июндун кечинде берген маалыматында, Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Мариинск багытында оор салгылашуулар уланууда, сутка ичинде 27 жолу кагылышуу болду.

Башкы штаб орус аскер күчтөрү Украинага 14 канаттуу ракета, Shahed-136/131 үлгүсүндөгү үч учкучсуз учак жана төрт зениттик ракета менен чабуул жасаганын билдирди.

Украин куралдуу күчтөрү 14 ракетаны жана бир учкучсуз учакты атып түшүргөнүн, "Ка-52" тик учагы жок кылынганын кабарлады.

Запорожье жана Херсон багытында орус армиясы коргонуусун улантып жатканы да кошумчаланды.

2022-жылы, 24-февралда Орусия Украинага кол салган. Согуш башталгандан бери 9083 жайкын тургун набыт болуп, 15 779 адам түрдүү жараат алды. Бириккен улуттар уюму (БУУ) 18-июнга карата чыгарган жыйынтыгында согуштан өлгөндөрдүн жана жабыркагандардын саны алда канча көп болушу ыктымалдыгын билдирди.

Дагы караңыз

Пригожиндин аскердик колоннасы Ростов-на-Дону аймагына киргени ырастала элекОрусияда "Вагнердин" башчысы Пригожинге кылмыш иши козголдуӨзбекстандык фирмалар Брюсселдин "кара тизмесине" түштү Президент Жапаров Баткенде жабыркаган ишкерлердин насыясын жойгон мыйзамга кол койдуСтамбулда "ИМ" радикал уюмунун канатын жетектеген тажикстандык кармалганы кабарланууда