Париждеги саммитте бай мамлекеттер өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн климат программаларына колдоо көрсөтүү үчүн 100 млрд. доллар бөлүп берүүнү макулдашты.
Франциянын президенти Эммануэл Макрондун демилгеси менен өткөрүлгөн Жаңы глобалдык каржылык пакт боюнча эки күндүк саммит 22-июнда ачылган. Кырктан ашуун мамлекеттин лидерлери климат программаларын каржылоо боюнча алдыдагы эки жылдын жол карталарын түзүп алуу үчүн чогулду. Арасында Кытайдын өкмөт башчысы, Бразилиянын президенти, Африканын жыйырмадай өлкөсүнүн жетекчилери да бар.
Буга чейинки жыйындарда деле көмүр кычкылтек газынын абага бөлүнүшүн азайтуу маселеси козголуп келгени менен лидерлер каржы жаатында орток пикир таба алышкан эмес.
Зыяндуу газдар, анын ичинде көмүр кычкыл газы - глобалдык жылуулуктун негизги факторлорунун бири. 2015-2022-жылдар тарыхтагы эң ысык жылдар катары катталды, ал эми Жердеги абанын орточо температура индустриалдык доорго чейинки, 1880-1899-жылдардагы орточо көрсөткүчтөн 1,15 Цельсий градуска жогорулаган.
Президент Садыр Жапаров 2021-жылы Шотландиянын Глазго шаарында өткөн климаттын өзгөрүшүнө арналган COP26 саммитинде Кыргызстан 2030-жылга чейин абага чыккан зыяндуу газдарды 44% кыскартып, 2050-жылга чейин көмүрдөн баш тартып, гидроэнергетикага өтөрүн айткан. Президент буга байланыштуу тиешелүү долбоорлор даяр экенин белгилеп, бул үчүн 7 миллиард доллар зарыл экенин кеп кылган.
Дагы караңыз
Кыргыз мектептердин абалын көрсөткөн ЖРТ жыйынтыгыРита Карасартова менен Атай Бейшенбек үй камагына чыкты Байсаловго мамлекеттик чин ыйгарылды