Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт

Абанын температурасынын жогорулашына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

23-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;
  • Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;
  • Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17 болсо, күндүз 32…34 градуска ысыйт.

Дагы караңыз

СССР согушта кантип жеңген? Тарыхый эс тутумду бурмалаган үгүт"ТҮРКСОЙ - дүйнөлүк маданияттын бир түркүгү" Штайнмайер орус-украин согушунун Борбор Азия жана Европага таасири тууралуу айттыТүтүн маселеси: Бишкекте экополиция түзүү каралуудаОрусияда аскер комиссариатын өрттөөгө аракет кылган жаран 11 жылга абакка кесилди