Германиянын президентинин Кыргызстандагы расмий сапары башталды

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга расмий сапары менен келди. 21-июнь. 2023-жыл.

22-июнда Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин Кыргызстанга расмий сапары башталды.

Аны "Манас" эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 21-июндун кечинде тосуп алды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапар алкагында Штайнмайер Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жолугат.

Анда тараптарды өз ара кызыктырган кыргыз-немис өнөктөштүгүн чыңдоо жана мындан ары тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.

Улуттук статистика комитетинин эсебине ылайык, Кыргызстан менен Германиянын соода жүгүртүүсү 2021-жылы 75,7 млн. долларды түзсө, 2022-жылы 180,4 млн. долларды түздү. Мында өсүү 238%. Мунун ичинен 164,6 млн. доллары Германиядан жөнөтүлгөн товар.

2023-жылдын январь-апрель айларында эле Кыргызстан менен Германиянын товар айлантуусу 112,4 миллион долларга жеткен.

Германиянын президенти мунун алдында – 20-июнда Казакстанда мамлекеттик сапар менен болду. (КЕ)

Дагы караңыз

Мектепти бүтүрүү кечелеринде коопсуздукту камсыздоого 5 миңдей кызматкер тартылат ЕБ элчилери Орусияга каршы санкциялардын он биринчи айлампасын макулдаштыАтазов "Чет өлкөлүк өкүл" тууралуу мыйзам долбооруна авторлуктан баш тарттыКүрд тектүү саясий туткун Иранда өлүм жазасына тартылганы кабарланды