Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө бекеттери 22-июнда, бир күнгө Кытайдагы улуттук майрамга байланыштуу жабылып, 23-июнда кайрадан ишин улантат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы кабарлады.
Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттердеги кыймылга пандемия учурунда чектөөлөр киргизилген. Расмий маалыматка караганда, анын кесепетинен Кытайдан Кыргызстанга импорт эки эседен көп өлчөмдө азайган. Чек арадан өткөн жүк ташуучу машинелердин саны 10 эсе кыскарган.
Быйыл жыл башынан тартып Кытайдын бийлиги кыргызстандык айдоочуларга виза берүүнү көбөйткөн.(ZKo)
Дагы караңыз
Казакстанда Державинск шаарынын аталышы Кенесары деп өзгөртүлдүГондураста түрмөдөгү башаламандыкта 40тай аял каза болду "Кумтөр иши": Келтирилген зыяндын 288 миллион сому өндүрүлө элекЧуулгандуу видеодогу балдар дарыгери иштен алындыЭсептөө палатасы үч министрликте мыйзам бузуу көп болгонун билдирди