Гондураста түрмөдөгү башаламандыкта 40тай аял каза болду

CEFAS түрмөсүндөгү ондогон аялдын өмүрүн алган башаламандыктан кийин жабык жайдын алдында чогулган полиция кызматкерлери. Гондурас. 20-июнь, 2023-жыл.

Гондурастагы аялдар түрмөсүндө болгон башаламандыкта кеминде 41 киши мерт кетти. Бул тууралуу прокуратура 20-июнда билдирди. Маалыматка караганда шейшембинин таңында түрмөдө касташкан эки топтун ортосунда мушташ чыккан.

CEFAS деген аталыштагы 900 кишилик түрмө баш калаа Тегусигальпадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Президент Ксиомара Кастро тополоңду жергиликтүү кылмыш топтору атайын пландап уюштурганын билдирди.

Борбордук Америкада жайгашкан мамлекетте буга чейин да түрмөлөрдө ондогон адамдардын өмүрүн алган окуялар болгон. 2019-жылы калайман мушташта 18 киши мерт кетсе, 2012-жылы өрттөн жазасын өтөп отурган 350 адам кайтыш болгон.

Гондурас дүйнөдө калктын санына карата киши өлтүрүү көп катталган өлкөлөрдүн сап башында турат.

Дагы караңыз

Чуулгандуу видеодогу балдар дарыгери иштен алындыЭсептөө палатасы үч министрликте мыйзам бузуу көп болгонун билдирди Орусия армиясы Украинанын аймагын аткылоону улантты