Орусия армиясы Украинанын аймагын аткылоону улантты

Күзгү контрчабуул маалында орустар таштай качкан Т-80 танктары менен украин аскерлери орус күчтөрүнүн позицияларына сокку уруп жатышат. Донецк облусундагы Бахмут шаарынын жанында тартылган сүрөт. 19-июнь, 2023-жыл.

21-июнга караган түнү орус армиясы Украинанын аймагын, анын ичинде баш калаа Киевди ракеталар жана дрондор менен аткылоону улантты.

Киев, Хмельницк, Днепропетровск, Сумы, Полтава жана башка бир нече облус орус күчтөрүнүн ракеталык соккусуна туш болгонун Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдирди. Маалыматка караганда, Иранда чыгарылган 35 дрондун 32cи атып түшүрүлгөн.

Жабыркагандар же каза тапкандар тууралуу азырынча маалымат жок.

Ал эми өлкө чыгышында айыгышкан салгылаш уланууда. Соңку бир сутка ичинде Константиновкада орус күчтөрүнүн аба чабуулунан эки жайкын тургун мерт кетти. Бул тууралуу Донецк облусунун аскердик администрациясынын жетекчиси Павел Кириленко 21-июндун таңында билдирди.

Ошол эле маалда украин армиясы Запорожье аймагындагы кармаштарда ийгиликке жетип жатканы маалым болду. Башкы штабдын маалымат катчысы Андрей Ковалев шаршемби эртең менен бул тууралуу Украинанын аскердик медиа борборунун Телеграмына жазды. Ал ошондой эле Донецктеги Лиман шаарынын айланасында айыгышкан салгылаш жүрүп жатканын кабарлаган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку видеокайрылуусунда украин күчтөрү "түштүктө жана чыгышта душманды жок кылып, Украинаны тазалап жатканын" билдирди.

Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги Москвага дрондор менен жасалган чабуулду алдын алганын айтып чыкты. Мекеме тараткан билдирүүгө караганда, Москва облусундагы обьекттерге багытталган "үч украин дрону" атып түшүрүлдү.

Согуш маалында эки тараптын тең билдирүүлөрүн бейрасмий булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Дагы караңыз

Кыргызстан, Казакстан жана Орусия жарандардын жеке маалыматы менен бөлүшүп турмай болуштуЭсеп палатасы “Кыргызиндустриясы” боюнча материалдар УКМКга берилгенин билдирдиКазакстанда Державинск шаарынын аталышы Кенесары деп өзгөртүлдү