Жалпы республикалык тестирлөө: Эң жогорку упайды эки бүтүрүүчү алды

Бүтүрүүчүлөрдүн "алтын сертификаты". 20-июнь, 2023-жыл.

Кыргызстандын орто мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнүн жана абитуриенттердин арасында өткөн Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы белгилүү болду.

Билим берүү жана илим министрлиги маалымдагандай, 2023-жылы жалпы республикалык тестирлөөдө 54 окуучу эң жогорку упай топтоп, “Алтын сертификат” алуу укугуна ээ болду.

Алардын ичинен эң көп - 236 упайды Ош шаарындагы Киров орто мектебинин бүтүрүүчүсү Кызжибек Жээнбекова менен Бишкектеги №61 физика-математикалык лицейдин окуучусу Нурсейит Төрөбаев алышты.
234 упайды Бишкек шаары, “Гарвард Интернешнл” мектебинин бүтүрүүчүсү Елизавета Алпацкая менен Бишкектеги “Маариф” мектебинин окуучусу Аделя Сейитова алышты.

Жалпысынан Бишкек шаарынан – 39, Ош шаарынан жана Ош облусунан – 4, Чүй облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 2, Нарын облусунан – 2, Баткен облусунан – 2, Талас облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 1 окуучу “Алтын сертификат” алат. Ага илингендердин ичинен 11 бүтүрүүчү эң аз - 223 упай топтогон.

2022-жылы Кыргызстанда ЖРТ сынагын 50 154 бүтүрүүчү тапшырган. Эң жогорку 235 упайды баш калаанын №70 мектеп-гимназиясынын окуучусу алган. "Алтын сертификатка" 57 окуучу татыктуу болгон. Орточо упай 124,4 болгон.

2021-жылы эң жогорку көрсөткүч 232 упай болсо, 2020-жылы 229 упай болгон.

Жыл сайын 40 миңден ашуун бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө катышат. Анын жыйынтыгына жараша аларда жогорку окуу жайларга бюджетке өтүү мүмкүнчүлүгү берилет. (ZKo)

Дагы караңыз

CAFA Nations Cup: Кыргызстан коло байге үчүн Оман менен беттешетОшто Жол башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголдуБазарбаев: Майыптыгын күбөлөндүрүү үчүн эми МСЭКке баруунун кереги жокБейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алуу талабы менен кол топтолууда