CAFA Nations Cup: Кыргызстан коло байге үчүн Оман менен беттешет

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы CAFA Nations Cup - 2023 мелдешинин коло байгеси үчүн Оман курама командасы менен беттешет. Оюн бүгүн, 20-июнда Ташкент шаарындагы "Пахтакор" стадионунда саат 19:30 (Бишкек убактысы) башталат.

Ушул эле күнү Өзбекстан курама командасы менен Иран биринчи орун үчүн ойнойт.

Оман курама командасы менен Кыргызстан 2024-жылдын январ айында Катарда өтө турган Азия кубогунда да бир тайпага туш келген. Оман ФИФАнын апрелде жарыяланган рейтингинде 73-орунга чыккан. Ал эми Кыргызстан курамасы 96-орунда турат.

Борбор Азия футбол ассоциациясы (CAFA) уюштурган Улуттар кубогунун тайпалык оюндары 10-июндан 17-июнга чейин Бишкекте жана Ташкентте өттү. А тайпасында Өзбекстан, Тажикстан, Оман жана Түркмөнстан ойноду. А тайпасында биринчи орунду Өзбекстан, экинчи орунду Оман курамасы ээлеген.

Кыргызстан В тайпасында Ооганстан жана Ирандын командасы менен беттешти. Кыргызстан Ооганстанды утуп (3:0), Иранга жеңилип, тайпада 2-орунду ээледи. Ирандын курамасы Кыргызстан (5:1) менен Ооганстынды утуп (6:1), тайпада биринчи орунду алды.

Мелдештин шартына ылайык эки тайпанын жеңүүчүлөрү финалда, экинчи орунду ээлеген командалар коло байге үчүн беттешет.

CAFA Nations Cup - 2023 - Борбор Азиянын футбол бирикмеси уюштурган мелдеш. Быйыл биринчи жолу өткөрүлүп жатат. (GT)

Дагы караңыз

Базарбаев: Майыптыгын күбөлөндүрүү үчүн эми МСЭКке баруунун кереги жокБейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алуу талабы менен кол топтолуудаСот Кадырбек Атамбаев менен "Бишкек 24" сайтын Жунусбековго 30 миң сомдон төлөөнү милдеттендирдиИнсулин тартыштыгы жок экени, бирок кыйынчылыктар болуп жатканы айтылдыБеларуста укук коргоочу Наста Лойко жети жылга кесилди"Титаниктин" калдыктарына туристтерди алып барган кеме дайынсыз болуудаӨзбекстандын мурунку биринчи айымы түрмөдөгү кызы менен жолугуша албай жатканын жазды