Ош шаардык Жол башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул туралуу 20-июнда шаардык прокуратурадан “Азаттыкка" билдиришти.
Маалыматка караганда, башкармалыктын кызмат адамдары Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен айыпталууда.
"Азаттык" радиосу өткөн айда "Ош: жол куруудагы кызыкчылыктар" деп аталган видео материал жарыялаган. Анда Жолдор башкармалыгы жарыялаган тендерлерге өздөрүнүн кызматкерлери катышкан бир канча фактыны көрсөткөн.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кылмыш иши козголгонунан кабары жок экенин, жол маселесине байланыштуу жакынкы убакта чара көрүлөрүн билдирди. (DSh)
Дагы караңыз
Ош: жол куруудагы кызыкчылыктар
Дагы караңыз
"Титаниктин" калдыктарына туристтерди алып барган кеме дайынсыз болуудаБеларуста укук коргоочу Наста Лойко жети жылга кесилдиӨзбекстандын мурунку биринчи айымы түрмөдөгү кызы менен жолугуша албай жатканын жазды21-июндун аба ырайы