"Титаниктин" калдыктарына туристтерди алып барган кеме дайынсыз болууда

OceanGate Expeditions компаниясы 2021-жылы тараткан "Титан" суу алдына сүзүүчү аппараттын сүрөтү.

Атлантика океанынын түбүндөгү "Титаниктин" калдыктарына туристтерди алып барган суу алдында сүзүүчү кеме дайынсыз болууда. АКШ менен Канаданын тиешелүү кызматтары жана кемеге ээлик кылган Oceangate Expeditions компаниясы издөө-куткаруу иштерине киришти.

Борттогу туристтердин арасында 59 жаштагы британиялык миллиардер, иликтөөчү Хамиш Хардинг жана пакистандык ишкер Шахзада Дауд уулу менен болгону кабарланууда. Алардан тышкары, кеменин капитаны жана экскурсовод окумуштуу болгон. Суунун алдына сүзүүчү кеме менен океандын түбүнө түшүү адатта сегиз саат убакытты алат. Саякаттын баасы 250 миң доллар турат. Бул жолу кеме 18-июнда суу алдына киргенден эки саат өтпөй байланыш үзүлгөн.

Oceangate Expeditions компаниясынын билдирүүсүнө караганда, аппараттын ичинде 96 саатка жетчү кычкылтек бар.

Титаник-трансатлантикалык лайнери 1912-жылы Саутгемптондон (Британия) Нью-Йоркко баратканда айсберг менен кагылышып чөгүп кеткен. Кемедеги 2208 адамдын 1503ү набыт болгон. "Титаниктин" калдыктары 1985-жылы аныкталган.

Дагы караңыз

Өзбекстандын мурунку биринчи айымы түрмөдөгү кызы менен жолугуша албай жатканын жаздыБлинкен менен Цзиньпин АКШ-Кытай алакасын турукташтырууну макулдаштыБазарбаев: Майыптыгын күбөлөндүрүү үчүн эми МСЭКке баруунун кереги жок