Жашырылган мүлктү легалдаштыруу жана мунапыс берүү боюнча мыйзам күчүнө кирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамга бүгүн, 20-июнда кол койду.

Президенттин сайтындагы маалыматка ылайык, мыйзамдын максаты жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин мыйзамдаштырууга багытталган. Анда жарандар өзүнүн башка кишилердин атына катталган же чет өлкөлөрдөгү байлыгын, мүлкүн ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыра алышат. Өлкөнүн экономикасына ички, тышкы инвестицияны көбөйтүү, көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу мүмкүнчүлүгү бар экени, мүлктөрүн буга чейин жашырып келгендер мамлекеттик органдар тарабынан жоопко тартылбай турганы жазылган.

Мыйзамдуу түрдө жүгүртүүсү чектелген жана алынган активдерге, мүлктөргө, Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө катталып, сот чечими менен конфискацияланган же башка адамдарга өткөрүп берилген, учурда сотто каралып жаткан мүлктөргө мыйзамдын тиешеси жок.

Документ террордук иштерди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттерге, аны ишке ашырууга да тоскоолдук кылбайт.

Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш 4-майда кабыл алган.

Министрлер кабинети көмүскө экономиканы азайтуу үчүн легалдаштыруу өнөктүгү бир жылдан ашуун убакытка созулуп, байлыгын ачыкка чыгаргандарга кылмыш иши козголбойт деген кепилдик берилерин билдирген.

Оппозициялык депутаттар жана айрым жарандык коом өкүлдөрү легалдаштыруу кампаниясын коррупционерлердин кызыкчылыгын көздөгөн демилге катары сыпатташкан. (ZKo)

Дагы караңыз

21-июндун аба ырайыБлинкен менен Цзиньпин АКШ-Кытай алакасын турукташтырууну макулдаштыБазарбаев: Майыптыгын күбөлөндүрүү үчүн эми МСЭКке баруунун кереги жокБаткендин өзгөчө макам алган айылдары 76га жеткени маалымдалдыИнсулин тартыштыгы жок экени, бирок кыйынчылыктар болуп жатканы айтылды