АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин соңку жылдары эки тараптын начарлап кеткен алакаларын турукташтырууну макулдашты. Бул тууралуу Блинкен 19-июнда Цзиньпин менен жолуккандан кийин билдирди.
Мамлекеттик катчынын айтымында, Бээжин эки өлкөнүн аскердик байланышын жандантууга даяр эмес. Американын эсебинде, бул Тайванга байланыштуу келишпестиктерди алдын алууда чечкиндүү мааниге ээ болмок.
Андан тышкары, Кытай Орусияга Украинага каршы согуш үчүн пайдаланууга курал-жабдык бербестигин дагы бир жолу ырастаганын Блинкен кошумчалады.
Энтони Блинкен Бээжинге 18-июнда эки күндүк расмий сапар менен барды.
Бул соңку беш жылдагы Американын жогорку даражалуу өкүлүнүн Кытайга жасаган алгачкы сапары болду.
Былтыр Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден менен Си Цзиньпин Индонезиянын Бали аралында "Чоң жыйырма" саммиттинин алкагында үч сааттык сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.
Дагы караңыз
Баткендин өзгөчө макам алган айылдары 76га жеткени маалымдалдыИнсулин тартыштыгы жок экени, бирок кыйынчылыктар болуп жатканы айтылдыКыргызстанда миңден ашуун айылда таза суу көйгөйү чечиле элек