Өзбекстандын мурунку биринчи айымы Татьяна Каримова социалдык тармакка түрмөдөгү кызы Гүлнара Каримова менен жолугушууга уруксат бербей жатышканын жазды.
"Неберем Иманды 25 жашка толушу менен куттуктайм. Бактылуу жашоо, сүйүү, жакындарынын жана туугандардын мээримин каалайм. Тилекке каршы, бул күнү мага кызым Гүлнара менен жолугушуу үчүн КИН-21 аялдар абагына кирүүгө уруксат беришкен жок",-деп жазды Каримова 17-июнда Инстаграмдагыбаракчасына.
Социалдык түйүндүн колдоонуучуларынын көбү "эмне эксең, ошону аласың" деген табалаган пикирлерди калтырышкан.
Ислам Каримов тирүү кезинде Татьяна Каримова Өзбекстанды башкарууга кийлигишип келгени кабарланып келет. WikiLeaks чыгарган америкалык дипломаттардын кат алышуусунда Татьяна Акбаровна "жогорку кызматтарды сатууга тиешеси бар экени" белгиленген. Ошондой эле мурдагы биринчи айым Өзбекстанга четтен кирген товарларды да көзөмөлдөп келгени айтылган.
Гүлнара Каримова Ташкент облусундагы түрмөдө отурат. Ага "Опузалап мүлктү менчиктеп алуу", "Ыксыз сарптоо", "Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо" беренелери менен айыптар коюлган. Каримова 2020-жылдын 18-мартында 13 жыл төрт айга эркинен ажыратылган.
Өткөн аптада Ислам Каримовдун биринчи никесинен төрөлгөн уулу Петр Каримов өгөй энеси Татьянаны мүлк мурасына байланыштуу сотко бергени маалым болгон.
Дагы караңыз
БУУ: Украинадагы согушта 9083 жайкын тургун каза болдуУКМК Жаратылышты өнүктүрүү фондунда коррупциялык схема аныкталганын билдирдиМинистрлер кабинети Бишкектеги ыш көйгөйүн талкуулады