Украина: Орусиянын 28 ракетасы атып түшүрүлдү

Шейшембиге караган түнү орус армиясы Украинанын аймагына учкучсуз учак менен сокку урууга аракет кылды. Жарылуулардын добушу Киевде жана Львовдо угулду. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы эртең менен 30 ракетанын 28и атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Киев шаардык аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попконун айтымында, 20-июнга караган түнү борбор калаанын үстүнөн 20дай дрон атып түшүрүлгөн. Ал учкучсуз учактар шаарды ар кайсы багыттан аткылап, үч сааттай аба айгайы жаңырып турганын Телеграмга жазды.

Львовдун мэри Андрей Садовой абадан жок кылынган дрондун калдыгы шаардагы инфратүзүмдүн объектисине түшкөнүн билдирди. Анын айтымында, жабыркагандар болгон жок. "РБК-Украина" үч дрон Николаев облусунда атып түшүрүлгөнүн жазды.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы билдиргендей, учкучсуз учактар эки багыт боюнча, Орусиянын Брянск облусу жана Азов деңизинин жээги менен учурулган.

Орус аскерлери Запорожье шаарына жана анын тегерегине С-300 комплексинен жети ракета аткан.

"Байланыш, айыл чарба жана дыйканчылыктын мүлкү жана жабдуулары, ошондой эле эл көп барган эс алуу жайын" бутага алуу максаты болгон. Бийликтин айтымында, жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматта.

Днепропетровск облусунда Мировое калктуу конушу катуу артиллериялык аткылоого дуушар болгон.

"Эч ким жабыркаган жок", - деди Кривой Рогдун администрациясынын башчысы Александр Вилкул.

Орусиянын Коргоо министрлиги соккулар боюнча комментарий берген жок.

Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эмес.

Дагы караңыз

Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алуу талабы менен кол топтолуудаКыргызстанда миңден ашуун айылда таза суу көйгөйү чечиле элек Министрлер кабинети Бишкектеги ыш көйгөйүн талкууладыИчки каттамдар: Авиакомпаниялардын талабы жол кирени асмандатты УКМК Жаратылышты өнүктүрүү фондунда коррупциялык схема аныкталганын билдирди