Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 21-23-июнда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Сапардын жүрүшүндө кыргыз президенти Садыр Жапаров менен жолугушат.
"Мамлекет башчылары кыргыз-немис кызматташтыгын, мындан тышкары мамилелерли достукта жана өнөктөштүктө өнүктүрүүнүн болочогун талкуулайт", - деди Азымбакиев.
19-21-июнда немис президенти Казакстанга келери айтылган.
Казакстандык басылмалар ал казак президенти Касым-Жоомарт Токаев менен жолугуп, бизнес форумга катышарын жазышты. (TSh)
Дагы караңыз
Министрдин орун басары менен "Кыргызкөмүрдүн" өкүлү коррупцияга шек саналып кармалды