Өзбекстан менен Иран өз ара кызматташтык тууралуу 15 келишимге кол коюшту

Шавкат Мирзиёев жана Ибрахим Раиси. Тегеран, 18-июнь, 2023-жыл.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Иранга расмий сапарынын алкагында Ташкент менен Тегерандын ортосунда 15 документке кол коюлду.

Мирзиёевдин басма сөз кызматы билдиргендей, ал Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен экономикалык алаканы, терроризм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, адам сатуу өңдүү глобалдык маселелерге каршы күрөшүүн талкуулашты.

Андан тышкары, Ооганстандагы жагдай, бул өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан калыбына келишине көмөк көрсөтүү жаатында да кызматташууну макулдашты.

Расмий сапардын алкагында Шавкат Мирзиёев Ирандын жогорку диний лидери аятолла Али Хаменеи менен да жолугушту.

Өзбекстандын президентинин Иранга расмий сапары 18-июнда болду.

Дагы караңыз

Окуу жайлардын аккредитация маселеси парламенттик комитетте талаш жараттыАКШда жүк ташыган автоунаа айдап бараткан тажик жараны октон каза болду