Төө-Ашууда туннел куруу талкууланды

Данияр Амангелдиев жана Максим Решетников. 2023-жылдын 15-июну.

Санкт-Петербург шаарында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Орусиянын экономикалык өнүктүрүү министри Максим Решетников менен сүйлөшүү өткөрдү.

Министрликтин маалыматы боюнча тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү талкуулашты.

Жолугушууда бир катар конкреттүү долбоорлор мерчемделди. Алардын катарында Төө–Ашууда альтернативдик туннел куруу, Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 300 МВт болгон Күндөн кубат алуучу станция салуу долбоорлору бар.

Мындан тышкары Орусия менен биргеликте өлкөнүн электр тармактарын модернизациялоо, биргелешкен үрөн-селекция чарбасын түзүү, Тосор айылында спорт борборун салуу максат кылынып жатат.

Жолугушууга Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артём Новиков да катышты.

Санкт-Петербургда жакында XXVI эл аралык экономикалык форуму өттү жана анын алкагында "Кыргызстан-Орусия" бизнес диалогу болду.

Санкт-Петербургдагы экономикалык форум Орусия Украинага кол салган учурда өтүп, ага дүйнөдөгү алдыңкы экономикасы өнүккөн мамлекеттерден өкүлдөр катышкан жок, коноктор негизинен Африка жана Араб мамлекеттеринен келишти.

Украинадагы согуш башталган 2022-жылдын февралынан кийин Орусия Кыргызстандын соода-сатык багытындагы негизги өнөктөшүнө айланган.

Дагы караңыз

Грузия: Карын эне бизнеси. Чет элдиктерди тейлөөгө тыюу салуу сунушу Борбор Азиядагы суу тартыштыгы. Бишкек, Астанада кырдаалды курчуткан жагдайлар Кербен шаарындагы аэропорт быйыл августта ишке кирет