Баткен районунун Кара-Булак айылында тарыхый музейдин жаңы имаратынын курулушу башталып, республикалык бюджеттен 21,7 млн. сомдук каражат каралган.
Кара-Булакта 1984-жылы тарых мугалиминин демилгеси менен “Мектеп музей” түзүлгөн. Мектептин бир бөлүгүнө уюштурулган музейге 1992-жылы “Элдик музей” наамы ыйгарылган. Музейдин өзүнчө имараты жок болгондуктан буга чейин бир канча кайрылуулар болуп, быйылкы жылы мамлекеттик казынадан каражат бөлүнүп, типтүү музейдин имаратынын курулушу башталды. Музейдин курулушу ушул жылдын сентябрь айына чейин бүтөт деп пландалууда.
Музейде 2885 экспонат бар. Анын ичинен 16 бөлүмү эң байыркы экспонаттар болуп саналат. Кара-Булак айылында археологдордун изилдөөсүнө ылайык, биздин замандын II-IV кылымдарына таандык “Мактым-Гөрү” көрүстөнү казылган.
1954-55-жылдары Кара-Булак айылындагы көрүстөндөн археолог Юрий Баруздин тарабынан табылган мумия Улуттук тарых музейинде сакталып туруп, 2017-жылы 14-октябрда табышмактуу жагдайда кайра Кара-Булак айылына жеткирилип көмүлгөн. Маданият министрлиги мумияны көмүү себебин түшүндүргөн эмес. Ал эми айрым тарыхчылар муну "караңгылык" деп сындаган. (JsA)
Дагы караңыз
Беларуста көзү өткөн адамга да кылмыш ишин козгоого уруксат берилиши мүмкүнМинистр Максүтов Моргенштернди Бишкекке келтирбөө аракети көрүлүп жатканын айттыОрусияда “тыңчы” тизмесине былтыр 188 адам жана уюм киргизилген