Украинанын үч облусу кайрадан жапырт аткылоого кабылды

Кривой Рогдо талкаланган үй

Украинанын Одесса, Днепропетровск жана Харьков облустары 15-июнга караган түнү кайрадан жапырт аткылоого кабылды. Башкы штабдын маалыматына караганда, өлкө боюнча абадан эскертүү жарыяланып, Кривой Рог, Одесса жана Харьков шаарларында жарылуулардын добушу угулду.

Кривой Рогдо ракеталык чабуулдун натыйжасында эки ишкана талкаланып, бир адам жабыркаганын Днепропетровск облустук администрациясынын башчысы Сергей Лысак билдирди.

Киев орус армиясы "Калибр" үлгүсүндөгү канаттуу ракеталарды, Ирандын өндүрүшүнөн чыккан "Шахед" жанкечти дрондорун колдонгонун маалымдады. Москвага буга комментарий бере элек.

Орус күчтөрүнүн 13-июндагы соккусунан Кривой Рогдо ондон ашуун адам, 14-июнда Одессада үч киши, Донецк облусунда үч тургун каза тапкан.

15-июнда аннексияланган Крымдын Орусия дайындаган башчысы Сергей Аксенов жарым аралга украин күчтөрү сокку урганын биддирип, Красногвардейск деген районду алты дрон бутага алганын, бир катар үйлөрдүн терезелери талкаланганын маалымдады.

Киев Аксеновдун айткандарына комментарий бере элек.

Дагы караңыз

Лукашенко: Согуштун башында Путин Крым боюнча сүйлөшүүлөргө даяр болчуПарламентте балдарга зомбулук көрсөткөндөргө жазаны күчөтүү талабы айтылды"Консолидация жана диалог" кыймылынын жыйыны үзгүлтүккө учурады