Казакстанда каржы пирамидасы үчүн соттолгондор ачкачылык жарыялады

Иллюстрация

Казакстанда "каржы пирамидасын түзгөн" деген айып менен соттолгон бир нече киши тергөө абагында ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматына алардын жакындары билдирип, ачкачылыкты 48 киши кармап жатканын айтышты.

Маалыматты тергөө абагынан ырастап, бирок сот өкүмүнө каршы ачкачылык жарыялагандардын саны 48 эмес, 33 экенин белгилешти.

"29 киши догдурлардын көзөмөлүндө. Төртөө тамактана баштады", – деди мекеменин өкүлү.

Буга чейин каржы пирамидасы үчүн соттолгондордун жакындары президент Касым-Жомарт Токаевге видеокайрылуу жасап, ишти кайрадан кароону жана камактагыларды бошотууну өтүнүшкөн.

Быйыл жыл башында Актөбөдөгү сот каржы пирамидасына байланыштуу алты кишини түрдүү мөөнөттөргө эркинен ажыраткан. Алар жүздөгөн жабырлануучуга 4 миллиард теңге зыян келтирген деп айыпталган.

2022-жылы Казакстанда каржы пирамидасын түзүү үчүн жоопкерчилик күчөтүлүп, аларды жарнамалоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилген.

Дагы караңыз

Депутат Нарматова “Медиахабдын” журналистин сотко берерин айттыСот журналист Зулпукар Сапановду актаганы белгилүү болдуБишкектеги суу тартыштыгынын үч себебиАлматы соту Январь окуясында каза тапкан беш кишини күнөөлүү деп тапты