Чолпон-Ата шаарында адистештирилген жалпы бирим берүүчү “Акылман президенттик лицейи ачылат. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону мамлекет башчынын сайтына 15-июнда жарыяланды.
Билим берүү жана илим министрлигине караган мекемеге окуучулар 6-классты бүткөндөн кийин тапшырат. Жарлыкта лицейдин мугалимдерине жогорку өлчөмдө маяна берилери белгиленген.
Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл жыл аягына чейин республика боюнча 204 мектеп жана 49 бала бакчанын курулушун аяктоо пландалып жатканын билдирген.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 1712 бала бакча бар, аларда тарбияланып жаткан бөбөктөр 199 миңдин тегерегинде. 2,5 миңге жакын мектепте билим алган окуучулардын саны 1,5 миллионго чамалады.
Дагы караңыз
Депутат Нарматова “Медиахабдын” журналистин сотко берерин айттыСот журналист Зулпукар Сапановду актаганы белгилүү болдуАлматы соту Январь окуясында каза тапкан беш кишини күнөөлүү деп таптыПарламентте балдарга зомбулук көрсөткөндөргө жазаны күчөтүү талабы айтылды