Бишкектин Биринчи май райондук соту эркин журналист Зулпукар Сапановдун ишинде кылмыштын курамы жок деген негиз менен актаганы белгилүү.
Мындай чечим май айында эле чыкканын адвокаты Акмат Алагушев билдирди. Анын сөзүнө караганда, Жогорку Сот Зулпукар Сапановго райондук жана шаардык сот чыгарган өкүмдөрдү былтыр жокко чыгарып, ишти артка кайтарган.
Зулпукар Сапанов “Кыдыр санжырасы” китебинин текстинин айрым жерлеринде “диний кастыкты козутууга багытталган аракеттерге барган” деп айыпталып, 2017-жылдын 12-сентябрында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен төрт жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилип, сот залынан камакка алынган.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Улут аралык, расалык же диний кастыкты козутуу” беренеси менен кине коюлган.
Бишкек шаардык соту 29-сентябрда журналистти сот залынан бошоткон. Анын төрт жылдык жаза мөөнөтү калтырылып, эки жыл Жаза аткаруу кызматынын каттоосунда жүрүп, мыйзам бузбаса, жазасынан толук бошотулмай болгон. (BTo)
Дагы караңыз
Алматы соту Январь окуясында каза тапкан беш кишини күнөөлүү деп таптыПарламентте балдарга зомбулук көрсөткөндөргө жазаны күчөтүү талабы айтылдыЛукашенко: Согуштун башында Путин Крым боюнча сүйлөшүүлөргө даяр болчуИманкулов Кыргызстан чек ара боюнча Тажикстанга сунуш бергенин билдирди"Консолидация жана диалог" кыймылынын жыйыны үзгүлтүккө учурады