Кыргызстанда кан донору болууну каалаган адамдардын саны талаптагыдан өтө аз экенин бүгүн 14-июнда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштамасына ылайык, донордук канга муктаждыкты жабуу үчүн ар бир 1000 кишиге кеминде 40 донор болушу шарт.
Ал эми Кыргызстанда, министрлик билдиргендей, 1000 кишиге болгону 5 донордой эле туура келүүдө.
Бүгүн 14-июнда Кан донорунун дүйнөлүк күнү "Кан, плазма тапшыр, жашоону бөлүш жана муну көбүрөөк жаса" деген ураан алдында белгиленип жатат.
Кан донорунун күнү жыл сайын 14-июнда – 1868-жылы төрөлгөн австриялык иммунолог дарыгер Карл Ландштейнердин туулган күнүндө белгиленет. Дарыгер адамдын канын топторго бөлүштүргөндүгү үчүн 1930-жылы Нобель сыйлыгын алган. (RK)
Дагы караңыз
"Мени русофоб дешти". КРСУдагы жапырт иштен алуу жараяны Навальныйдын Башкыртстандагы штабынын мурдагы жетекчиси 7,5 жылга кесилдиТөө-Ашуу туннелинин ичин каптап жаткан суу токтодуCredit Suisse банкына Кыргызстандан жаңы кардарларды тейлөөгө тыюу салынды