Төө-Ашуу туннелинин ичин каптап жаткан суу токтоду

Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы туннелдин канализациясы. 14-июнь, 2023-ж.

Бишкек–Ош автожолундагы Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы туннелдин канализациясы оңдолуп, суунун сыртка агышы токтоду. Бул тууралуу 14-июнда кечке жуук Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 12-13-июнь күндөрү туннелдин ичин суу каптап, айдоочуларга тоскоолдук жаралган. Оңдоо иштерине байланыштуу суу өткөрүүчү түтүктөр кумга толуп, суу жолго жайылган.

Жолчулар түтүктөрдү тазалап, суу кеткен, бирок бүгүн 14-июнда кечээки абал кайра кайталанган.

“Туннелдин ичиндеги жумуштар аягына чыкса, кийин мындай көйгөй жаралбайт”, - деп билдирди министрлик.

19-майдан тартып 28 -июнга чейин туннелдин электр чубалгылары алмаштырылып, дубалдары акталып жатат. Буга байланыштуу автоунаанын өтүүсү күнүнө үч маал 2-3 саатка убактылуу чектелип жатат. (RK)

Дагы караңыз

"Мени русофоб дешти". КРСУдагы жапырт иштен алуу жараяны Credit Suisse банкына Кыргызстандан жаңы кардарларды тейлөөгө тыюу салындыБишкек шаардык соту Равшан Жээнбековдун жубайын камакта калтырдыБоснияда окуучу мектепте ок атып, мугалим жараат алды