Кошмо Штаттардын мурдагы президенти Дональд Трамп ага тагылып жаткан 37 беренеден турган федералдык айыптар боюнча күнөөсүз экенин 13-июнда Майами сотундагы жараянда айтты.
Американын 45-президентине «кызматын тапшырып кетип жатканда улуттук коопсуздукка байланыштуу документтерди үйүндө мыйзамсыз сактаган жана ал документтерди кайтарууга аракет кылган коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнө калп айткан» деген айыптар тагылууда.
Эгер күнөөсү далилденсе, Трампка чоң суммадагы айып пул салынып, алтургай эркинен да ажыратылышы мүмкүн. Анткен менен Америка мыйзамдарына ылайык, бул анын шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүгө кедергисин тийгизбейт.
Трамп өзү соттук иштин саясий мүдөөсү бар экенин айтып, 2024-жылы Ак үйгө кайтып келүү кампаниясын улантууну убада кылууда. Талдоочулардын айтымында, сот жараяны бир жылга же андан көпкө чейин созулушу мүмкүн.
Дагы караңыз
АКШ: Трамптын башына чындап кара булут айланабы?14-июнда Дональд Трамп 77 жашка толду. Былтыр августта Трамптын Палм-Бичтеги үйүндө «жашыруун» деген гриф коюлган 100дөй документ табылган. Прокурорлор 2021-жылы 45-президент Ак үйдөн кетип жатканда документтерди мыйзамсыз жок кылганбы же жокпу, ал өзү же башкалар федералдык иликтөөгө бөгөт койгон-койбогонун иликтешти.
АКШнын мыйзамы президент баштаган федералдык кызматкерлерге жашыруун документтерди мерчемделбеген жерде жок кылууга жана сактоого тыюу салат.
Дагы караңыз
БУУ: Былтыр 110 миллион адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болдуФутбол: CAFA Кыргызстан-Ооганстан оюну боюнча чечимин жарыяладыҮй шартында бала бакча иштеткен ишкерлер салыктан бошотулду