"Мени русофоб дешти". КРСУдагы жапырт иштен алуу жараяны

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Русофобияга” каршы күрөш Бишкекке да жетти. Кыргыз-Орус Славян университетинде (КРСУ) алгач ректор кызматтан алынса, азыр 20га жакын окутуучу иштен кетүүнүн алдында турат. Алардын арасында профессорлор, кафедра башчылары, факультеттин декандары бар. Университеттин жаңы жетекчилиги алар менен эмгек келишимин узартпай турганын билдирген. Иштен четтетилип жаткандар Орусиянын Украинадагы аскерий агрессиясына каршы көз карашын билдирген.

“Орусофобияга” каршы күрөш Бишкекке да жетти. Кыргыз-Орус Славян университетинде алгач ректор кызматтан алынса, азыр 20га жакын окутуучу иштен кетүүнүн алдында турат. Алардын арасында профессорлор, кафедра башчылары, факультеттин декандары бар. Университеттин жаңы жетекчилиги алар менен эмгек келишимин узартпай турганын билдирген. Иштен четтетилип жаткандар Орусиянын Украинадагы аскерий агрессиясына каршы көз карашын билдирген.