Өзбекстандын мурдагы президенти Каримовдун уулу өгөй энесин сотко берди

Петр Каримов.

Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун уулу Петр Каримов өгөй энеси Татьяна Каримованы сотко берди. Ташкент шаардык сотунун сайтында жайгашкан маалыматка караганда, Ислам Каримовдун биринчи никесинен төрөлгөн Петр мураска ээ болуу укугуна байланыштуу сотко кайрылган.

54 жаштагы Петр Каримов 1990-жылдардан бери негизинен Москвада жашайт. Ал Ташкент айыл чарба институтун 1988-жылы бүтүргөнү белгилүү. Анын апасы Наталья Кучми менен Ислам Каримов 1969-жылы ажырашып кеткен. Кийин Татьяна Каримовага үйлөнүп, ал күйөөсү өмүрдөн өткүчө Өзбекстандын биринчи айымы болуп турду.

Президент Ислам Каримов тирүү кезинде расмий булактарда анын уулу тууралуу эч нерсе айтылган эмес.

Дагы караңыз

Баткендин сел каптаган айылдарында өзгөчө кырдаал жарыяланды Коргонуу тармагына эки жылда 83,4 миллиард сом жумшалды Жогорку Сот наристени кордогон адамдын өкүмүн жумшартты