Ташиев күч тармагынын жакшырганын коомго билдирип турууну сунуштады

Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мындай сунушту бүгүн, 13-июнда Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

"Каржылык камсыздоонун көбөйгөнүн, куралдуу күчтөрдүн аскердик техникалык жана башка жагынан көтөрүлгөнү тууралуу маалыматтарды жок дегенде пайыздык көрсөткүчтө коомго билдирип турушубуз керек. Эл канчалык деңгээлде өзгөрүү болгонун билиши керек".

Камчыбек Ташиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине бюджеттен бөлүнүп жаткан акчаны натыйжалуу пайдалануу, өздүк курамдагы, өзгөчө Коргоо министрлигинин жеке курамындагы тартипти бекем сактоо зарыл экенин айтты. Ички иштер министрлигинин чек ара аймактарындагы кызматкерлерин алдын ала күжүрмөн даярдыктан өткөрүүнү, аларды да тийиштүү курал-жарактар менен камсыздоо зарылдыгын, бул маселени Чек ара кызматы жана Коргоо министрлиги менен бирге чечүүнү белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевдин бул сунушун Аскердик доктринаны ишке ашырууда сөзсүз эске алууну тапшырды.

Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны президент Садыр Жапаровдун төрагалы алдында өттү. Жыйында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн абалы жана өнүгүү багыттары боюнча маселе каралып, жаңы Аскердик доктринанын долбоору тааныштырылды. Садыр Жапаров Аскердик доктринанын жаңы долбоорун тезирээк иштеп чыгып, ишке киргизүү керек деген тапшырма берди.

Кыргызстандын Аскердик доктринасы 2013-жылдын 15-июлунда кабыл алынган.(ZKo)

Дагы караңыз

Кулубаев: Аскердик доктринага тышкы агрессия түшүнүгүн киргизиш керекОштогу ЖМК өкүлдөрү журналист Исаковго кол көтөргөн адамды жоопко тартууну талап кылдыПрезидент Жапаров жаңы Аскердик доктрина иштелип чыкканын билдирди Жалданмалар менен келишим: Шойгу - Пригожин тиреши