Беларустун Светлогорск шаарында күч органдары жергиликтүү "Ранак" телеканалынын сегиз кызматкерин 12-июнда кармады. Укук коргоочулардын айтымында, алар "экстремисттик материал тараткан" деп шек саналууда.
"Гомельская Вясна" Телеграм каналы кабарлагандай, кармалгандардын бири кош бойлуу болгондуктан бошотулду.
Айрым кабарларга ылайык, алар "Одноклассники" социалдык тармагындагы "Светлик.Светлагорск" баракчасына жазылганы үчүн колго түшкөн. Алар шаардык темир жол станциясында үч адамдын өмүрүн алган жарылуу тууралуу эфирге берилген сюжеттен улам кармалган болушу мүмкүн деген божомол да бар.
Беларуста 2020-жылдагы жыйынтыгы талаштуу президенттик шайлоодон кийин журналисттерди куугунтуктоо күчөгөн. Көп журналисттер мамлекеттен чыгып кетишкен.
Дагы караңыз
Бишкекте кармалган эки орусиялык активист башпаанек сурап кайрылды Эл акыны Меңди Мамазаированын 80 жылдыгы белгиленүүдөМандат чыры: Өмүрбек Бакиров соттун чечимине каршы даттанат