Эл акыны Меңди Мамазаированын 80 жылдыгы белгиленүүдө

Эл акыны Меңди Мамазаированын 80 жылдык мааракеси.

Бүгүн 12-июнда Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында Кыргыз Республикасынын эл акыны, жазуучу, драматург Меңди Мамазаированын 80 жылдык мааракесине арналган "Жазуучу жана театр" аттуу чыгармачылык кечеси өтүп жатат.

Анда театрдын жамааты Мамазаированын мекен, эл, сүйүү темасындагы ырларын сахналаштырды. Акындын чыгармаларынан куралган сценарийдин режиссёру эл артисти Назира Мамбетова болду.

Кечеге мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков жана бир катар эл акындары, жазуучулары, маданият өкүлдөрү катышууда.

Меңди Мамазаирова 1943-жылы 1-майда Кара-Суу районунун Коңур-Жаз айылында туулган.

1965-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун ошол эле жылы Мамлекеттик телерадиокомитетте иштөөдөн баштаган.

1995-1996-жылдары «Азаттык» радиосунун кабарчысы болуп иштеген. Кийин УТРКда эмгектенген.

Мамазаированын «Нөшөр» деп аталган алгачкы аңгемелер жыйнагы 1975-жылы жарык көргөн.

1993-жылы ал «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» деген ардактуу наамга татыктуу болгон. 2007-жылы мамлекеттик «Даңк» медалы, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын эл акыны наамы ыйгарылган. (MZh)

Дагы караңыз

Мандат чыры: Өмүрбек Бакиров соттун чечимине каршы даттанат Орусиянын Коргоо министрлиги "Ахмат" отряды менен келишим түздүЕККУ Өзбекстандагы президенттик шайлоого байкоо салатУкраина дагы эки кыштак орус аскерлеринен бошотулганын билдирди