Санарип өнүктүрүү министрлиги “Мекен-картты” бере баштады

Исанбек кызы жана Талантбек Иманов.

12-июнда санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов “Мекен-картты” биринчилерден болуп кыргыз тектүү орус жараны Ж.Исанбек кызына берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

“Мекен-картка” документ кабыл алуу 13-мартта башталган. Бул документ мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүктөргө, алардын балдары жана неберелерине берилет.

“Мекен-картты” алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтерине, мекемелерине кайрылыш керек.

“Мекен-карт” алган кыргызстандыктарга “Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш” деген макам берилип, тарыхый мекенине визасыз кирип-чыгууга, уруксат документи жок эле иштөөгө, убактылуу жашоого жана билим алууга, медицина мекемелеринин кызматын колдонууга шарт түзүлөт. “Мекен-карт” 10 жылга чейин жарактуу болот.

Документ Кыргызстан менен чектешкен Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кытайдын жарандыгын алган кыргызстандыктарга берилбейт.

Кыргызстанда жашап, кийин башка мамлекеттин жарандыгын алган адамдардын укуктарын кеңейтүүчү мыйзамга 2020-жылы кол коюлган. (BTo)

Дагы караңыз

Иран өзөктүк программасы боюнча Батыш менен сүйлөшүү мүмкүндүгүн билдирдиБазарбаев Европага жумушчу жөнөтүү маселеси каралып жатканын айттыУкраин армиясы Донецкидеги бир нече кыштак бошотулганын жарыяладыОрусияда кармалган тажик мигранттары шарттын начардыгына даттануудаЫдырыс Исаков аны бетке чапкан адамга каршы милицияга арыз жаздыМинистр Орусиянын "кара тизмесинде" 44 миңдей кыргыз жараны бар экенин билдирди Ажылык: кыргызстандыктардын алгачкы тобу Мадинага учуп кетти